Урматтуу ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр)!
Биринчи класска мектепке электрондук каттоо ушул жылдын 10-апрелинде эртең менен саат 09:00дө башталат.
Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этап – жашаган жерине карабастан (26-июндан 31-августка чейин).
Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.
Ата-энелерди кызыктарган суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар.
10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору иштей баштайт.
Кабар кылабыз
КР Билим берүү Министрлиги Бишкек шаарынын мектептеринде 15-февралдан баштап, «мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык система менен иш алып барат.
http://mektep.edu.gov.kg/ «МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК ЖАЗЫЛУУ» АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМА
Токтомуш Адыраңов атындагы орто мектеби
Окуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнʏн)
укутары жана милдеттери
Окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө укуктуу:
-Жалпы билим берүү уюмун тандап, окуусун улантуу үчүн окутуунун бардык этабына балдарын жиберүүгө жана билим алуунун таризин тандоого;
-мамлекеттик билим берүү стандартынын чегинде окуучулардын жалпы орто билим алуу укугун сактоону талап кылууга;
— Уставда аныкталган таризде Жалпы билим берүү уюмунун башкаруусуна катышууга;
— Билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү региондук органына балдарды окутуу жана тарбиялоо маселелери боюнча кайрылууга;
— Балдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого;
— Баласынын сабакка катышуу, жетишүүсүн талкуулаган педсоветке катышууга;
— Камкордук кенешке мүчө болууга жана өз оюн жалпы мектептин, класстын чогулуштарында айтууга;
-Билим берүү процессинин жүрүшү жана мазмуну, окуп жаткандардын жетишүүсү жөнүндө таанышууга, директордун уруксааты менен сабак өтүп жаткан мугалимдин макулдугу боюнча сабактарга катышууга;
— Баласынын сабакка жетишүү баалары менен класс жетекчилеринен жазуу же оозеки түрүндө таанышууга;
— Окуу тарбия процессин жетектөөчү документтер жана жалпы билим берүү уюмунун Уставы менен таанышууга;
— Камкордук кенешине максаттуу жардамдарды берүүгө жана өз ыктыярдуу мүчөлүк акы берүүгө укуктуу
Окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө милдеттүү:
— Балага жалпы орто билим алуу үчүн толук зарыл шарттарды түзүүгө;
— Балдардын күч-кубатына жана психикалык ден-соолуктарына ар дайым камкордук көрүүгө;
— Баланын бош убактысын туура пайдаланууга үйрөтүүгө жана көзөмөлдөөгө;
— Мектептен сырткары учурда (сабактан окуу мөөнөтүнүн сырткары, майрам күндөрү, каникул учурунда) бош убактыларын туура пландап берүүгө, көзөмөлдөп жоопкерчиликте болууга;
— Баланын инсандык намысын урматтап, аны улуттук, тарыхый, руханий-маданияттык байлыктарын жана элдик салттарды, мекенин, айлана-чөйрөнү урматтоого тарбиялоого;
— Жалпы билим берүү уюму тарабынан балага карата коюлган талаптарга туура баа берүү менен кабыл алууга;
— Ата-энелер чогулушуна катышууга;
— Жалпы билим берүү уюмунун уставындагы өзүлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин аткарууга жана балдарынын тарбиясына жана балдары билим берүү уюмдарына зыян келтиргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган тартипте жооп берүүгө.
-Ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) башка укуктары жана милдеттери Жалпы билим берүү уюму менен ушул Уставга ылайык түзүлгөн келишимде бекитилиши мүмкүн.