Токтомуш Адыраңов атындагы орто мектеби Ат-Башы району, Калинин айылы

Окуу-тарбиялык иштер

Тарбиялык иштердин уюштурулушу

Тарбиялык иштер төмөнкү приоритеттүү багыттар боюнча жургүзүлөт:

  • Атуулдук активдүүлүккө  жана  патриоттуулукка тарбиялоо
  • Руханий- нравалуулукка, гуманизмге, тарбиялоо
  • Экологиялык тарбия
  • Эмгекке жана өз ишмердүүлүгүн уюштурууга тарбиялоо
  • Эстетикалык тарбия
  • Дени сак жашоо маданиятына тарбиялоо
  • Этникалык же көп маданияттуулук  тарбия

Тарбиялык иштер мектептин жылдык тарбиялык иштер боюнча түзүлгөн планынын негизинде жүргүзүлөт. Окуучуларды өз мекенин сүйүүгө, аны көздүн карегиндей сактоого, улуттук  ар- намыстуулукка, атуулдук  сезимдерин арттырууга, коомдун , өлкөнүн өнүгүүсүнө кайдыгер карабаган активдүүлүккө, жоопкерчиликке тарбиялоо менен бирге окуучуну инсан катары  өзүн- өзү сыйлоого, аны менен бирге башкаларга сый- урмат менен мамиле кылууга, моралдык- этикалык сапаттарга ээ болууга үйрөтүү жана адамдарды  сүйүүгө, жалпы адамзаттын кызыкчылыгын көздөгөн идеяларга, алар үчүн кызмат кылууга тарбиялоого арналган темалар  камтылат.

Окуучулардын ден соолугун сактоо, коопсуздугуна кам көрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлөт: Күндөлүк режим, регламенттер сакталып, сабактардан кийин жеке кызыкчылыктар боюнча кружоктор иштейт.

  • Орус тили кружогу;
  • Англис тили кружогу;
  • Кыргыз тили кружогу;
  • Математика;
  • сʏрɵт кружогу;
  • математика кружогу;
  • кол ɵнɵрчʏлʏк;
  • ыр-хор;
  • футбол, волейбол,баскетбол;
  • шахмат;
  • тогуз коргоол;

Тарбиялоонун өзөгүндө социалдык компетенттүүлүктөргө ээ , адеп-ахлактуу инсан турат.Көпчүлүк ата- энелер балдарын терең билимдүү болуусу үчүн деле эмес, тарбиялуу болуп чыгуусу үчүн беришет.Баалуулук мамилелердин калыптандырылышы маанилүү маселе.

Ата-энеге, үй-бүлөгө, коомго, мекенге болгон баланын баалуулук мамилесин калыптандыруу, көпчүлүк учурда руханий дүйнөсүнө өзгөртүү киргизүү –мектептеги педагогдордун негизги максаты.

Мектептеги  тарбиялык иштерге  улуттук жана адамзаттык баалуулуктардын негизинде максаттар коюлуп, тарбиялоонун багыттары боюнча системалуу жүргүзүлуп, төмөнкү формалар менен ишке ашырылат: класстык сааттар, маектешүүлөр, жекече иштер, ар түрдүү иш-чаралар (конкурстар, КВНдер, майрамдар, жумалыктар,акциялар,тренингдер, интеллектуалдык оюндар; жолугушуулар ж.б). Ар бир класс жетекчинин тарбиялык журналы  тарбия завучу тарабынан системалуу түрдө текшерилип турат.  Окуучулардын укугун коргоо боюнча профилактикалык иштер ИДН менен бирге жүргүзүлөт