Мектептин тарыхы
Алгачкы мектеп 1925-жылы башталгыч мектеп болуп ачылган. Мектеп жетекчиси Каракол шаарындагы гимназияда окуган. «Манас» эпосунун жыйноочусу жана изилдоочусу Ыбрайым Абдрахманов болгон. Ал мектепте алгачкы уюштуруучу болуп тарыхта калды.
1932-жылы Калинин атындагы 7 жылдык мектеби болгон.
1942-1943-окуу жылында Калинин атындагы 9 жылдык орто мектеп,
1992-жылы “Кенбил”орто мектеби болуп өзгөргөн.
1993-жылдан баштап «Токтомуш Адыраңов атындагы орто мектеби» болуп келе жатат.
№1 корпус
№2 корпус
Билим берүү уюму жөнүндө маалымат
Окуу жайынын аталышы: Токтомуш Адыраңов атындагы орто мектеби
Дареги: Нарын облусу, Ат-Башы району, Калинин айылы,
Мамбетжусуп уулу Абдыраман кɵчɵсʏ № 24
e-mail: [email protected]
Мектеп администрациясы
Мектеп директору: Койчиева Аида Жунусовна
Тел: 0703036895, 0997200578
Окуу завучу: Токтакунова Суйун Насырымбековна
Тел: 0707413157
Тарбия иштерин уюштуруучу: Эсенгулова Перизат Шакировна
Тел: 0703767304
Азыркы убакта мектепте 54 мугалим, 23 тех персонал эмгектенет.
Анын ичинде 48 мугалим жогорку, 4 магистр, 1 бакалавр,
1 атайын орто билимдуу.
Сыйлыктары боюнча:
Билим беруунун мыктысы — 18,
Билим беруу министрлигинин Ардак грамотасы — 20
Мектептин концепциясы
Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу
Мектептин эмблемасы
Мугалимдердин жетишкен ийгиликтери
(конкурс, кароо сынактар)
2022-2023-окуу жылында англис тили мугалими Ажыбекова Жаннат «Санарип мугалим Дубай-2023″сынагында алдыңкы орунду ээлеп, Алматы шаарына жолдомо алды.
2019-2020-окуу жылы орус тили жана адабияты сабагынын мугалими Койчиева Аида
“Санариптик педагогика” видеосабактардын Республикалык конкурсунун
райондук турунун жеңʏʏчʏсʏ. Республикалык турдун катышуучусу.
2019-2020-окуу жылы музыка сабагынын мугалими Шакиров Нурбек
райондук Калыйбек Тагаевдин 80 жылдыгына арналган кароо-сынакта 1-орун ээледи
Токтомуш Адыранов орто мектебинин жетишкендиктери
№ | Иш чаранын атылышы | Жылдары | Райондо |
1 | “Жылдын мыкты мектеби” кароо сынагы. | 2012-13-окуу жылы | 2-орун |
2 | “Жылдын мыкты мектеби” кароо сынагы. | 2014-15-окуу жылы | 3-орун |
3 | “Жылдын мыкты мектеби” кароо сынагы. | 2015-16-окуу жылы | 2-орун |
4 | “Жылдын мыкты мектеби” кароо сынагы. | 2016-17-окуу жылы | Гран-При. |
5 | “Жылдын мыкты мектеби” кароо сынагы. | 2018- жылы | I орун |