Токтомуш Адыраңов атындагы орто мектеби Ат-Башы району, Калинин айылы

Новости

Урматтуу ардактуу кесип ээлери! Кадырлуу Агай -эжелер! Майрамыныздар куттуу болсун!!!
04.11.2023 26
Урматтуу ата-энелер, агай-эжелер, сүйүктүү окуучулар! Сиздерди бүгүнкү Билим күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!!! Эгемендүү өлкөбүз өнүп өссүн. Асманыбыз ачык, эли жерибиз тынч болсун. Жаңы окуу жылында , алдыңыздарга койгон аруу максат, ой- тилектериңиздер орундалсын. Окуучуларыбыз келечекте мыкты инсан болуп жетилсин. Урматтуу Агай-эжелер!!! Сиздердин ар бириңиздердин жасап жаткан ак эмгегиңиздердин акыбети кайтып, мугалим , устат деген […]
01.09.2023 21
«Окуу керемет!» долбоорунун алкагында 17-апрель 2023-жылы Токтомуш Адыраңов атындагы орто мектебинде «Билим -кылым мурасы» аталышындагы райондук семинар жогорку деңгээлде өттү. Семинарда башталгыч классынын мугалимдери ачык сабак, класстан тышкаркы иштерди өтүштү. Семинарга ата-энелер активдүү катышып,   окуучулардын күчү менен даярдалган концерт менен аяктады.
31.08.2023 34
Семинар 12-апрель 2023-жылы өткөрүлдү жана ага райондун мектептеринин уюштуруучулары, соцпедагогдору, райондук билим берүү бөлүмүнүн методисттери катышышты. Ачык сабактар, ата-энелер мектеби, тренинг, форум-театр өтүлдү. Семинар уюшкандыкта жогорку деңгээлде өттү.
14.05.2023 107
Окуучулар арасындагы республикалык мектеп лигасында волейбол оюну боюнча мелдеште мектебибиздин кыздар командасы 2-орун, балдар командасы 3-орунду ээлешти. Жетектеген агайы Жусубакунов Мирбекке ийгилик каалап, ыраазычылык билдиребиз!!!  Биз силер менен сыймыктанабыз!!!
27.04.2023 103
Усулдук -инновациялык топтун жетекчиси Асаналиева Майрамкүл мугалимдерге эл аралык изилдөөгө катышууга даярдануу боюнча семинар-тренинг уюштурду.  Тренинг кызыктуу, жогорку деңгээлде өттү. Майрамкүл эжебизге ийгиликтерди каалап, ыраазычылык билдиребиз!!! Биз сиз менен сыймыктанабыз!!!
27.04.2023 34
9-июнь 2022-жылы Токтомуш Адыраңов атындагы орто мектебинде «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу аземи болуп өттү
09.06.2022 219
15-майда окуучу кыздар арасында өткөрүлгөн волейбол оюну боюнча райондук мелдеште Токтомуш Адыраңов атындагы орто мектебинин кыздар командасы 1-орунду ээлешти.  Кыздарыбызды жана жетектеген Жусубакунов Мирбек агайды чын жүрөктөн куттуктайбыз!!!
09.06.2022 165
23-апрель-Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата башталгыч классынын мугалими Мокешова Айзат 4-В классынын окуучулары жана ата-энелери менен биргеликте «Китеп адамды, адам дүйнөнү өзгөртөт» аттуу иш чараны өткөрүштү.  
29.04.2022 1 274
«Бир окуучудан — бир көчөт» акциясынын алкагында 2022-жылы апрель айында, Токтомуш Адыраңов атындагы орто мектебинде ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду
24.04.2022 85
2021-2022-окуу жылында райондук олимпиадада 5 окуучу орун ээлешти. Кыргыз тили жана адабияты сабагынан Солтобекова Жаркынай 3-орун, мугалими Усеналиев Мурат. Шабданбекова Гүлзар 2-орун, мугалими Мамбетакунова Нурзаада. Орус тили жана адабияты сабагынан Эрмек кызы Элнура 1-орун, мугалими Койчиева Аида. Тарых сабагынан Таалайбекова Аксана 2-орун, Курманалы уулу Бакдөөлөт 3-орун, мугалими Субагожоев Шабдан. 3 окуучу облустук олимпиадага жолдомо алышып, […]
24.04.2022 103
1 / 212